Vitek VT-1592 ST Manuel d'utilisateur Page 21

  • Télécharger
  • Ajouter à mon manuel
  • Imprimer
  • Page
    / 24
  • Table des matières
  • MARQUE LIVRES
  • Noté. / 5. Basé sur avis des utilisateurs
Vue de la page 20
21
КЫРГЫЗ
чыгарсаңыз болот. Кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Электр шнурунун жана кубаттуучу сайгычынын
бүтүндүгүн мезгилдүү түрдө текшерип туруңуз.
Шайман иштеп турган учурунда корпусун
же электр шнурун тийүүгө балдарга уруксат
бербеңиз.
Бул шайман балдар колдонгону үчүн арналган
эмес.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-
эси жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
Шайман иштеп турган учурунда же иштөө
циклдердин арасында аны балдар жетпеген
жеринде сактаңыз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз! Тумчуктуруунун коркунучу
бар!
Электр шнурунун, кубаттуучу сайгычынын
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин
шайманды колдонбоңуз.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан
суруп, кепилдик талонундагы же www.vitek.ru
сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Айлана чөйрөөну сактоо максатында
шаймандын кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин аны турмуштук калдыктары менен
чогу ыргытпай, утилизациялоо үчүн
адистештирилген пунктуна тапшырыңыз.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА
ГАНА АРНАЛГАН
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарында шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Биринчи иштетүүнүн алдында шаймандын
корпусунда жазылган чыңалуусу электр
тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
Шайманды таңгактан чыгарып, таңгак
материалдардын баарын алып салып, грильдин
корпусун бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп,
андан кийин кургатып сүртүп алыңыз.
Бекитмесин (1) бошотуп, шайманды ачып,
астынкы иштөө бетинин эки бекитмесин (6)
бирге басып, аны чечип алыңыз да ошондой
эле үстүнкү иштөө бетин чечип алыңыз.
Болгон иштөө беттерин (7, 8, 9, 10) нейтралдуу
жуучу каражат менен жылу сууга жууп,
кургатып сүртүңүз.
Колдонуунун алдында керектүү иштөө
беттерин орнотуңуз, ал үчүн биринчиден
иштөө беттин арты жагын орнотуп, алдынкы
жагын бекитмелери (6) бекитилгенине чейин
чогу басыңыз. Ошондой эле экинчи иштөө
бетин орнотуп алыңыз.
Иштөө беттерин биринчи колдонуунун
алдында аларга бир аз өсүмдүк майын куюп,
иштөө беттин бүткүл аянтын майлап, ашкан
майды кагаз сүлгү менен алып салыңыз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, ошондо индикатору (4) күйөт.
Орнотулган иштөө беттери (7, 8, 9 же 10)
коюлган температурасына чейин ысыганда
индикатору (5) күйөт, кубаттуучу сайгычын
розеткасынан чыгарыңыз.
Иштөө беттери толугу менен муздаганына
чейин күтүп, грильди ачыңыз да иштөө
беттеринен калган өсүмдүк майын кагаз
сүлгүсү менен алып салыңыз.
Эскертүү: Биринчи иштеткенде ысытуучу
элементтердин үстүнкү катмары күйүп, бир
аз түтүн же башкача жыт чыгуу мүмкүн. Бул
нормалдуу көрүнүш, бузулуу эмес.
АЗЫКТАРДЫ БЫШЫРУУ
Шайманды тегиз, туруктуу, ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө, нымдуулук, жылуулук жана
ачык от булактарынан алыс жеринде электр
розеткасы ар дайым жеткиликтүү болгондой
орнотуңуз.
Грильди бат өрттөнүп кетүүчү материалдар же
суюктуктардын жана ысыктан деформация-
лануучу буюмдардын жанында орнотпоңуз да
колдонбоңуз.
IM VT-1592.indd 21 13.02.2017 9:19:54
Vue de la page 20
1 2 ... 16 17 18 19 20 21 22 23 24

Commentaires sur ces manuels

Pas de commentaire