Vitek VT-1592 ST Manuel d'utilisateur Page 22

  • Télécharger
  • Ajouter à mon manuel
  • Imprimer
  • Page
    / 24
  • Table des matières
  • MARQUE LIVRES
  • Noté. / 5. Basé sur avis des utilisateurs
Vue de la page 21
22
КЫРГЫЗ
Шайманды вентиляциясы жакшы болгон
жеринде колдонуңуз.
Иштөө беттерди колдонуу:
«7» тийишкен грильдин иштөө беттердин
топтому эт, балык же жашылча-жемиштерди
бышыруу үчүн арналган;
«8» – вафли бышыруу үчүн иштөө беттеринин
топтому;
«9» ар түрдүү сэндвичтерди жасоо үчүн
арналган иштөө беттеринин топтому;
«10» тостторду жасоо үчүн арналган иштөө
беттеринин топтому.
Шайманды иштеткендин алдында иштөө
беттери орнотулуп бекитилгенин текшерип
алыңыз, андан кийин беттерди өсүмдүк майы
менен бир аз майлап алыңыз.
Эскертүү: дайындоосу башка болгон иштөө
беттерин чогу колдонууга тыюу салынат.
Туткаларын (2) бириктирип, бекитмеси (1)
аркылуу бекитип алыңыз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз, ошондо индикатору (4) күйөт.
Иштөө беттери коюлган температурасына
чейин ысыганда жарык индикатору (5) күйөт,
бекитмесин (1) бошотуп, шайманды ачыңыз
да астынкы иштөө бетинин үстүнө азыктарды
салыңыз. Туткаларын (2) бириктирип,
бекитмеси (1) аркылуу бекитип алыңыз.
Бышыруу мөөнөтү азыктарга байланыштуу,
ошол себептен азыктардын бышканын
текшерүү үчүн шайманды мезгилдүү түрдө
ачып туруу зарыл. Рецепттерди колдонуп
үйрөнүүдөн улам сиз азыктардын бышканын
так аныктай аласыз.
Азыктар бышканда, бекитмени (1) бошотуп,
шайманды ачып, жыгач же ысыка чыдамдуу
пластмасса ашкана аксессуарларын колдонуп,
азыктарды чыгарып алыңыз.
Көңүл буруңуз! Шайман иштеп турган учурда
иштөө беттери (7, 8, 9 же 10) менен корпусу
(3) абдан катуу ысыйт, күйүктөр болбоо
үчүн шаймандын ысык беттерине тийбеңиз.
Корголбогон колуңуз менен шаймандын
корпусун тийбеңиз. Ысыктан коргоочу
ашкана колгабын кийиңиз.
Шайманды тийишкен гриль катары
колдонгондо азыктарды астынкы иштөө бетине
акырындык менен салыңыз, мүмкүн болгон
азыктардын майы же суусу чачыраганынан
пайда болгон күйүктөрдөн сак болуңуз.
Азыктарды бышырып бүткөндө, кубаттуучу
сайгычын розеткасынан чыгарып алыңыз.
Шайманды тазалоодон мурун ал толугу менен
муздаганына чейин күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Иштөө беттери ысып турган кезинде
шайманды ачпаңыз. Шайман жабык болгондо
иштөө беттери бирдей жана батыраак
ысыйт.
Этият болуңуз: шайман иштеп турган учурда
корпусу (3) абдан катуу ысыйт, күйүктөр болбоо
үчүн шаймандын ысык беттерин тийбеңиз,
грильди ачкан учурда туткаларынан (2) гана
кармаңыз.
Этият болуңуз, орнотулган иштөө беттеринин
(7, 8, 9 же 10) арасынан буу чыгуудан сак
болуңуз. Колуңузду иштөө беттерине жакын
келтирбеңиз же денеңиздин ачык жактарын
алардын жанында жайгашпаңыз.
Тоңдурулган азыктарды эритүү же бышыруу
үчүн шайманды колдонбоңуз.
Гриль режиминде чоң сөөгү бар эттин
кесимдерин бышырбаңыз.
Бышыруу мөөнөтү колдонулган азыктарга
байланыштуу.
Азыктарды жегенден мурун алар толугу менен
куурулганын текшерип алыңыз.
Азыктарды бышыргандан кийин токтоосуз
вафли бышыргычтын ичинен чыгарыңыз,
азыктар иштеп турган аспаптын ичинде өтө
көп турганы алардын өрттөнүүсүнө алып келүү
мүмкүн.
Бышырылган азыктарды иштөө беттердин
күйгүзбөс катмарын бузула турган учтуу
металл заттары менен чыгарууга тыюу
салынат. Ар дайым күйгүзбөс катмары бар
идиштер үчүн арналган пластик же жыгач
аксессуарларды гана колдонуңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Шайманды ар колдонгондон кийин тазалап
туруңуз.
Шайманды иштетип бүткөндөн кийин
кубаттуучу сайгычын розеткасынан
чыгарыңыз.
Шайманды ачып, ал үй температурасына
чейин муздаганын күтүңүз.
Бекитмелерин (6) чогу басып, орнотулган
иштөө беттерин чечип алыңыз.
Иштөө беттерин тазалап, нейтралдуу жуучу
каражаттын эритмесинде жууп, чайкап,
кургатып сүртүңүз.
Иштөө беттерин (7, 8, 9, 10) идиш жуучу
аспаптын ичинде жуусаңыз болот.
Корпусун (3) жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
Шаймандын иштөө беттери (7, 8, 9, 10)
менен корпусун (3) тазалоо үчүн абразивдүү
жуучу каражаттарды, эриткичтерди же
IM VT-1592.indd 22 13.02.2017 9:19:54
Vue de la page 21
1 2 ... 17 18 19 20 21 22 23 24

Commentaires sur ces manuels

Pas de commentaire